Башкы прокуратура Баткен облусунун Лейлек районунда көмүр казуудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 201 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирди.Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Ош экологиялык прокуратурасы Лейлектеги токой чарбасынын аймагында көмүр казуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анда жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди өз убагында токтотуу үчүн ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарбаганы аныкталган.“К-А” жана “К-А П” ишканалары...