Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги орусиялык Wildberries маркетплейсинен коңшу өлкөдө кошумча кампаларды жайгаштыруу тууралуу кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, андай сунуш түшсө, ал “улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен” каралат.«Эл аралык компаниялардын долбоорлорун ишке ашырууда министрлик улуттук кызыкчылыктарга, өз ара пайда табууга, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө жана Казакстандын экономикасына инвестиция салууга өзгөчө көңүл...