Кыргыз Республикасының Президенти Садыр Жапаров өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёевди 30-июлда мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Визиттин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда, алар тет-а-тет форматында жана кеңейтилип өткөрүлөт.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык мамилелерге байланыштуу бир нече маанилүү документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Бул Өзбекстандын президентинин визити кыргыз-өзбек мамилелеринин өнүгүшүндө достук, ишеним жана өз ара колдоо негизинде маанилүү кадам болот.