Ош облусунун экологиялык прокуратурасы Лейлек районундагы токой фондунда көмүр кендерин иштетүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында кызмат адамдарына жана кенди пайдаланган компанияларга карата кылмыш иши козголду, ал эми мамлекетке келтирилген жалпы зыян 201,5 миллион сомдон ашты.

Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо жана мыйзамсыз дарак кесүү жана иштетүүнү алдын алуу үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери аракетсиздик көрсөткөндүгү аныкталды. Алардын аракеттери адал эмес соодагерлердин ишине шарт түзүп, мыйзам бузууга алып келди.