Кочкордо жаңы технология менен экспорттук салат жапырактарын өстүрүүдө














Кыргызстандын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агрардык секторду диверсификациялоо, айыл чарбада жаңы технологияларды киргизүү жана ички продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча программа ишке ашырууга киришти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Бул демилгелердин алкагында Кыргыз-Чех агрокомпаниясы «Экотер» Кочкор районундагы «Мамасыл тукум» чарбасында 20 гектар жерди ижарага алды.
12 гектарда тамчы суу менен сугаруу технологиясын колдонуп, «Айсберг» сортундагы салат жапырактарын жыйноо башталды. Алдын ала баалоолорго ылайык, түшүмдүүлүк гектарына болжол менен 30 тонна, бул заманбап айыл чарба технологияларынын натыйжалуулугун жана жерлерди рационалдуу пайдаланууну тастыктоодо.
Жыйналган «Айсберг» жапырактары коңшу өлкөлөргө экспорттолот, ошондой эле Кыргызстандын ички рыногунда сатылат.
Бул долбоор айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатууга, ички рынокту сапаттуу жашылчалар менен камсыздоого жана заманбап агробизнес формаларын өнүктүрүүгө багытталган.
Министрлик ошондой эле жерлерди натыйжалуу пайдаланууга, суу сактоочу технологияларды киргизүүгө жана экспортко багытталган өндүрүшкө инвестиция тартууга багытталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
Бул демилгелер жаңы жумуш орундарын түзүүгө, региондорду өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө көмөктөшөт.