
H2O Racing компаниясынын негиздөөчүсү жана президенти, ошондой эле UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионатынын жетекчиси Николо ди Сан Жермано Кыргызстандын суу-мотор спорту боюнча дүйнөлүк чемпионаттын этаптарын өткөрүүгө даярдыгын оң баалады. Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөн пресс-конференцияда ал быйыл эл аралык спорттук иш-чараларды уюштуруу боюнча 45 жылдык ишмердүүлүгүн белгиледи.
«Бул убакыт аралыгында биз дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө 1 000ден ашык мелдеш өткөрдүк. Бул суудагы Формула-1, «Дакар» раллиси, авиациялык шоулар жана желкендүү спорт сыяктуу ар кандай спорт түрлөрүн камтыйт. Биз суудагы Формула-1 боюнча дүйнөлүк чемпионаттын 312 этапын уюштурдук», - деп бөлүштү Николо ди Сан Жермано.