Кыргызстанда Индиядан уникалдуу мобилдик госпитал орнотулууда
Беш-Кунгей айылында Индия тарабынан гуманитардык жардам катары берилген BHISHM мобилдик жедел жардам госпиталынын орнотуусу аяктоодо. Бул комплекс кырсык, өзгөчө кырдаалдар жана конфликттер учурунда 200 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав жана аскердик атташе, полковник Панкадж Шарма мобилдик госпитал BHISHM Aarogya Maitriнин орнотуусунун жүрүшү менен таанышуу үчүн аскердик госпиталга барышты. Комплексти орнотууну Индиянын HLL Lifecare Limited компаниясынын адистери жүргүзүүдө, алар Кыргызстанга жумушчу визамен келген.

Индиянын элчилигинин маалыматы боюнча, BHISHM комплекси Кыргызстан Республикасынын Коргоо министрлигине Индиянын Коргоо министри Раджнатх Сингх тарабынан Бишкекке болгон сапарында берилген. BHISHM (Bharat Health Initiative for Sahyog, Hita and Maitri) Индия өкмөтү тарабынан башталган гуманитардык программа Aarogya Maitriнин маанилүү элементи болуп, кризистик кырдаалдарда жедел медициналык жардам көрсөтүүгө арналган.