Бишкекте № 28 мектеп-комплексинин директору кадрдык жана финансылык тармактардагы бузулуулар себептүү кызматтан четтетилди. Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, бузулуулар мугалимдердин квалификациясына жана мыйзамсыз эмгек акынын эсептелишине байланыштуу.

Кээ бир педагогдордун билим деңгээли белгилүү предметтерди окутуу үчүн талаптарга жооп бербейт. Атап айтканда, директордун орун басары зарыл педагогикалык билимге ээ эмес жана милдеттүү кайра даярдоодон өтпөгөн, бул да анын жумуштан бошотулушунун негиздеринин бири болду.