Президент H2O Racing жана дүйнөлүк чемпионат UIM F1H2Oнун жетекчиси Николо ди Сан Жермано Иссык-Куль облусундагы Бает айылында өткөн пресс-конференцияда айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарын рационалдуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал уюмдун көп жылдан бери углероддук нейтралдуулукка жетишүү максатында программа ишке ашырып жатканын билдирди.

Ди Сан Жермано углероддук нейтралдуулук боюнча иштер мындан көп мурда, бул милдеттүү талапка айланганга чейин башталганын белгиледи. Ал мындай мамилени туура деп эсептейт жана бардык мелдештердин уюштуруучүлөрүн дүйнө жүзү боюнча чемпионаттын бардык этаптарында углероддук нейтралдуулук принциптерин карманууга чакырды. «Бул биздин ар бирибиздин жоопкерчилигибиз», - деп кошумчалады ал.