Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстанга чет жактан, анын ичинде Кытайдан келген инвесторлор менен түзүлгөн келишимдерди ачык көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал 30-июлда Ысык-Көлдө “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.“Кооптонууга эч кандай негиз жок. Биз инвесторлорго шарттарды түзүп, дүйнөнүн кайсыл булуң-бурчуна барсак да Кыргызстан өнүгүп жатканын айтып, чакырып атабыз. Алар келсе жаңы технологияны алып...