30-июлда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алды.Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилип турушту. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту.“Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамблинин...