Кыргызстанда белгилүү актер Жан-Клод Ван Дамдын Иссык-Көлдө өтүүчү Formula 1 H2O мелдешине байланыштуу визити күтүлүүдө. Бул маалымат суу-мотор спорт федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов тарабынан айтылды.
Ал ошондой эле, чакыруунун дагы бир белгилүү актер Джеки Чанга жөнөтүлгөнүн белгиледи. Бирок анын иш-чарага катышуусу тыгыз графиктин себебинен суроо астында. «Бир нече жолу чакырууну жөнөттүк. Азырынча кепилдик жок, бирок оң жооп алууга үмүттөнүп жатабыз», — деп комментарий берди Абылкасымов.