
Бишкекте Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Негизги көңүл Кыргызстандын авиация тармагынын абаласын талдоого жана келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого бурулду. Жолугушууга катышуучулар авиация секторун өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгуу, эл аралык маршруттарды кеңейтүү, аэропорт инфраструктурасын жакшыртуу жана эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин карашты. Ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатууга жана тармакта санариптик технологияларды киргизүүгө көңүл бурулду.
Профильдик ведомстводо IATA Кыргызстандын жарандык авиациясында болгон өзгөрүүлөрдү оң баалаганын белгилешти. Ассоциациянын өкүлдөрү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн эксперттик жана консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.