Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Көшербаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Каспий куур консорциумунун (КТК) айланасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери маалымдашты.Американын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, сүйлөшүүдө энергетикалык коопсуздук жана Казакстандын мунайын Каспий куур консорциуму аркылуу үзгүлтүксүз өткөрүү маселеси көтөрүлдү.Ошондой эле Марко Рубио Кошмо Штаттардын президенти Дональд...