Бишкектин Октябрь райондук соту президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияровду Кылмыш-жаза кодексинин “Эки жана андан көп аял алуу” беренеси менен коюлган айып боюнча актады. Судья мындай чечимди 29-июлда чыгарып, анын иш-аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапты.Мирбек Мияровго 2025-жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси - “Эки жана андан көп аял алуу” менен кылмыш ишин козгогон. Буга мурда аны менен жарандык никеде турган Хабиби...