Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер 15тен 30га чейин көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июлда Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда айтты.Садыр Жапаров сүйлөп жатып андан тышкары кыргыз-өзбек чек арасын толугу менен чече турган келишимдерге да кол коюларын билдирди.Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке...