Түркиянын башкалаасы Анкарадагы Этимесгут районунун мэри Эрдал Бешикчиоглу жана дагы 51 киши кармалды.Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, полиция муниципалитеттин имаратында тинтүү жүргүзүп, мэр баш болгон 37 кызматкерди кармады. Жалпысынан 55 адамга карата кармоо ордери чыгарылган. Алардын арасында 18 жеке компаниянын өкүлү бар. Азырынча үч шектүү изделүүдө.Тергөө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы болгон оппозиция өкүлдөрүнө карата...