
Кыргызстан Республикасынын Министрлер Кабинети жана «Куньлунь» курулуш компаниясы Ош шаарында ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык кызматтар министрлиги маалымдады. Кол коюу аземине министр Нурдан Орунтаев, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Оморбек Торобаев жана компаниянын өкүлдөрү катышты.
Кол коюлган келишимге ылайык, Ош шаарында «Эне-Сай Сити» заманбап турак жай комплекси курулат, ал 688ден кем эмес жеке турак жай үйлөрүн, бизнес-борборлорду, мейманканаларды, эс алуу зоналарын, ошондой эле социалдык жана инженердик инфраструктура объектилерин камтыйт.
Министрлик бул долбоордун ишке ашырылышы инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи. Долбоор шаар экономикасынын потенциалын бекемдөөгө жана заманбап шаардык мейкиндикти түзүүгө маанилүү кадам болуп калат деп күтүлүүдө. ```