Кыргызстан жана Өзбекстан жогорку билим берүү тармагында өнөктөштүктү кеңейтүүдө


Ысык-Көл облусунда Кыргызстан жана Өзбекстан жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III Форуму башталды. Иш-чаранын катышуучулары эки өлкөнүн университеттери ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, академиялык интеграция, илимий кызматташтык жана жогорку билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашууда. Иш-чара Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулган.