
F1H2O мотогонокторунун уюштуруучулары актерлорго учактарды даярдашты
Ысык-Көлгө белгилүү актерлор Джеки Чан жана Жан Клод Ван Даммдын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу F1H2O суудагы мотогонокторунун уюштуруучулары пресс-конференция учурунда билдиришти.
Кыргызстандын суу-мотор спорт федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов Джеки Чанга чакыруулар Кытайга жөнөтүлгөнүн, ал эми Мадридде Жан Клод Ван Даммды ташуу үчүн учак даярдалып жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, Джеки Чан буга чейин Казакстанда болуп, "Кудайдын куралдары" фильмине жаңы бөлүмдүн тартылышына катышкан.
Сүрөт www