Тажикстан өкмөтү Кытайдан мунай продукциясын импорттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул маселени 29-июлда башкалаа Дүйшөмбүдө өткөн жолугушууда өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен Кытайдын Тажикстандагы элчиси Го Чжицзюнь талкуулашты.Тажикстанда күйүүчү май сатып алуунун жаңы багыттарын издөө маселеси соңку айларда Орусиядагы мунай ишканаларына жасалган дрон чабуулдарынан кийин курчуду.Өлкөдө мунай баасынын өсүшү мүмкүн деген кооптонуу күчөгөндөн кийин бийлик...