Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын санын 15тен 30га чейин көбөйтүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" маданий борборунда өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди.