```html










Ош шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев, Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилигинин кеңешчиси Чарли Моррис менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда регионалдык экономикалык өнүгүүнүн негизги маселелери талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу, ошондой эле кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Тараптар, ошондой эле, аялдар жана жаштар арасында ишкердик инициативалардын маанилүүлүгүн талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Ош менен эл аралык өнөктөштөр ортосундагы байланыштарды чыңдоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди, бул биргелешкен иш-аракеттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. ```