Нацагенттик инвестициялар боюнча: КРдагы инвестициялар жумуш орундарын түзүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө багытталат

Кыргызстандын инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик саясаты капитал тартууга гана эмес, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, региондорду өнүктүрүүгө жана экономикалык өндүрүмдүүлүктү жакшыртууга багытталган. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин пресс-катчысы Назгуль Кадырназарова бул тууралуу «Кабар» агенттигине комментарий берип, миграциялык мыйзамдардын улуттук жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктарынын бири өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыздоо болуп саналат, бул өндүрүмдүү жумуш орундарын түзүүнү жана региондорду өнүктүрүүнү камтыйт. «Инвестициялар — бул биринчи кезекте жумуш орундары, заманбап технологиялар жана аймактарды өнүктүрүү. Миграциялык саясат инвестициялык долбоорлорду колдоого алууга, зарыл болгон компетенцияларды тартууга жардам бериши керек, бул учурда ар дайым Кыргызстандын жарандарынын жумуш менен камсыз болушу артыкчылыкка ээ», — деди Кадырназарова.