Украинанын Днепропетров облусундагы Радушное кыштагында (Кривой Рогдун четинде) Орусиянын "Искандер-М" баллестикалык ракетасы он балалуу үй-бүлө жашаган үйгө тийди. Украинанын мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы чабуул түгөйлөрдүн, алардын 6, 11, 17 жаштагы үч баласынын өмүрүн жалмаганын билдирди. Үйдөгү калган балдар ар кандай жараат алган. Ракета жалпысынан эки жер тамды талкалап, дагы бешөөнө зыян келтирди. Орусия 30-июлга оогон түнү Украинанын Киев, Львов, Кривой Рог...