Украина 30-июлда Орусияда Wildberries маркетплейсинин үч кампасына сокку урду. Алар - Пенза, Удмуртия, Пермдеги комплекстер. Бул тууралуу Телеграмдагы украиналык Supernova+ жана Exilenova+ мониторинг каналдары жазып чыкты. "Агентство", ASTRA басылмалары да маалымат жарыялашты. Визуалдык анализдерге таянсак, өрт Пермь шаарынын чет жакасында жайгашкан Фролы кыштагында Wildberries маркетплейсинин кампасынан чыккан. Компания жана жергиликтүү бийликтер Фролыдагы кампага чабуул...