Иссык-Кулда «Формула-1» боюнча дүйнө чемпионатынын этабы үчүн инфраструктураны даярдоо иштери аяктады, деп билдирди Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов. Иштер эки айдан ашык убакытка созулуп, эл аралык иш-чаралар зонасын куруу, техникалык инфраструктураны түзүү жана Бает айылында мелдеш өткөрүү үчүн аянтча даярдоо иштерин камтыды.
«Инфраструктуранын даярдыгы 100 пайыз. Эки айдын ичинде эл аралык деңгээлдеги объектилерди куруп, дүйнө чемпионатын ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түздүк», — деди Кубатов.