Кыргызстан менен Өзбекстан Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүнү жана биргелешкен демилгелерди каржылоону жогорулатууну пландаштырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Жапаров тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын, бизнес-форумдун жана Ишкерлер кеңешинин жыйынтыктарын оң баалаганын белгиледи. Алар эки өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган жаңы амбициялуу тапшырмаларды өкмөттөргө койду.
«Биз фонддун ишине кошумча импульс берүү, биргелешкен долбоорлорду каржылоону кеңейтүү, региондордун демилгелерин колдоо жана бизнестин шарттарын жакшыртуу боюнча макулдаштык», - деп баса белгиледи президент.