Кыргызстанда кезектеги жолу УКМКнын башчысы алмашты. Быйыл февралдагы Камчыбек Ташиевдин отставкасынан соң атайын кызматтын башчылыгына келген Жумгалбек Шабданбеков беш ай иштебей кызматтан алынды. Анын отставкасынын себеби "башка кызматка өттү" деп расмий көрсөтүлгөнү менен кайсы ишке барганы азырынча баймаалым. Февралда Ташиев иштен алынганда бул мекеменин дарегине көп доомат коюлуп, реформа чакырыктары айтылган. Кыргызстан эгемендик алганы бул Улуттук коопсуздук органын 20дай...