Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанда өтө турган маанилүү эл аралык иш-чараларга катышууга чакырды. Бул чакыруу Чолпон-Атада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жасалды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Көчмөндөрдүн VI Дүйнөлүк Оюндарынын ачылыш аземинде, ошондой эле 2027-жылга пландалган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде жана «Бишкек+25» экинчи тоо саммитинде көрүүнү каалаганын билдирди.
Президент сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына канааттангандыгын айтып, өзбек лидерине кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдеген жана эки элдин ортосундагы достук байланыштарды тастыктаган натыйжалуу визити үчүн ыраазычылык билдирди.
Жапаровдун айтымында, өткөн визиттин жыйынтыктары Кыргызстан менен Өзбекстандын андан аркы гүлдөп-өсүшүнө, ошондой эле региондогу тынчтык, туруктуулук жана өз ара ишенимди бекемдөөгө көмөктөшөт.