«Кабар» Alayku Organic компаниясына ШОС өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары форумун колдогону үчүн ыраазычылык билдирет



Кыргызстандын улуттук маалымат агенттиги «Кабар» Alayku Organic компаниясына 2026-жылдын 27-30-июлунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму алкагында өткөн көргөзмөгө активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирет. Бул окуя Кыргызстан ШОСто төрагалык кылган мезгилде маанилүү этап болуп калды.

Alayku Organic продукциясы көргөзмөдө сунушталып, форумдун катышуучуларын Кыргызстанда өндүрүлгөн табигый ичимдиктер менен тааныштырды. Чет өлкөлүк жана жергиликтүү форум катышуучулары тарабынан компаниянын продукциясына болгон кызыгуу кыргыз бренддеринин жогорку сапаты жана экологиялык тазалыгын тастыктады.