Кыргызстанда Пермь облусунан келген чек арачы ардагерлер, мугалимдер, ата-энелер жана полковник Я. А. Вагин атындагы Пермь № 136 мектебинин кадеттери турган делегация бар. Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин жетекчиси Чолпонбек Буржуевдин чакыруусу менен уюштурулган визит 5-августка чейин уланат.
Делегациянын Бишкектеги биринчи күнү окуяларга толуп өттү. Пермьдиктер Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Тулебердиевдин Эскерүү музейин зыярат кылып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына Жеңиш аянтындагы Вечный отко гүл коюшты.