
Июль айында Бишкектен келген 20дан ашык квалификациялуу дарыгер Манас районунда эки күн, Айтматов районунда төрт күн бою акысыз медициналык текшерүү жүргүздү, анда 5800 жергиликтүү тургун медициналык текшерүүдөн өтүштү. Ар кандай профилдеги адистер, анын ичинде кардиологдор, терапевттер, урологдор, гинекологдор жана башкалар, консультация берип, текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Жарандар медициналык текшерүүдөн өтүп гана тим болбостон, анализдерди да беришип, оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча сунуштарды алышты.