Ош шаарында рейд өткөрүлүп, коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу түштүк борбордун муниципалдык инспекциясы маалымдады.
Инспекция «Иzюм», «Южание» жана ОсОО «Балмуздай» мекемелерине чара көрдү. Ошондой эле жеке адам тарабынан пиротехника (салют) иштетүү фактысы катталды.