
Ысык-Көл облусунун Кош-Кол айылында Issyk-Kul Golf Resort эл аралык гольф-клубунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
Бул объекттин курулушу көлдүн жээгинде Кыргызстандын жогорку класстагы спорттук жана туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган. «Мен жакынкы келечекте бул гольф-клуб эл аралык турнирдары өткөрүү үчүн эң престиждүү борборлордун бири болуп, Кыргызстандын дүйнөлүк гольф картасында алга жылышына чоң салым кошот деп ишенем. Бүгүн биз жөн гана жаңы спорттук объектти ачып жаткан жокпуз — бул биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинин күбөсү», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчылары жаңы спорттук-туристтик комплекстин инфраструктурасы менен таанышып, гольф-резортту расмий ачуу үчүн символикалык биринчи соккуну уруп, катышты.
Сүрөт www