Испаниянын Түндүк Африкадагы автономиялуу шаары Сеутаны Мароккодон келген миңдеген мигрант каптады. Алардын айрымдары деңизден үйлөмө дөңгөлөктөр менен сүзүп өтсө, башкалары кургактагы дарбазаларды бузуп кирген.