Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна курулуп жаткан Ala Tower мунарасынын курулушун жандандырууну талап кылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.