Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити учурунда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлдү.
КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, кол коюлган документтердин арасында 2026-2028-жылдар аралыгында агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү көздөгөн Практикалык иш-чаралар планы бар. Бул план Кыргызстандагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Өзбекстандын айыл чарба министрлигинин ортосунда макулдашылган.