Балыкчыда 6,4 км узундуктагы айланма автомобиль жолунун курулушу активдүү улантылууда. Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иштер 2026-жылдын апрель айында башталган.
Жол долбоор боюнча төрт тилкелүү болуп, үч айланма түйүн, темир жол аркылуу көпүрө, 12 суу өткөргүч түтүк, ошондой эле 4,5 метр кеңдигинде велосипед жолу жана автоунаа токтотуучу зона камтылат.
Жаңы айланма жолдун ачылышы шаар борбору аркылуу транзиттик агымды кыйла азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, жолдо жүрүү убактысын кыскартат жана региондор ортосундагы транспорттук байланыштарды жакшыртат деп күтүлүүдө.
Курулуш аянтчасында учурда 34 бирдик атайын техника жана 60 адис иштеп жатат.