Бишкектин бир мектебинин директору кызматтан кетти

Райондук прокуратура олуттуу мыйзам бузуу фактыларын аныктады



Бишкекте, №28 мектеп-комплексинде, текшерүү учурунда билим берүү жана финансылык мыйзамдардын бузулуулары аныкталды. Бул тууралуу Ленин районунун прокуратурасынан маалымдашты.


Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү кемчиликтер аныкталды:


- кээ бир педагогдордун билим деңгээли квалификациялык талаптарга жооп бербейт;


- мектептин директорунун орун басары педагогикалык билимге жана кесиптик кайра даярдоого ээ эмес;


- өз милдеттерин аткарбаган кызматкерлерге мыйзамсыз жалаакы эсептелип, төлөнгөн фактылары аныкталды;


- кээ бир бала-бакча тармагындагы тарбиялануучулар документтерде эсепке алынган эмес, бул алар үчүн бөлүнгөн акча каражаттарынын мекеменин кассасында жоктугуна алып келди.


Натыйжада прокурордук реакция актылары түзүлдү. Бардык мыйзамсыз сарпталган каражаттар толугу менен бюджетке кайтарылды. Мектеп-комплексинин директору кызматтан алынды, ошондой эле райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчисин жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгү каралууда.


Сүрөт www