Ысык-Көлдө эл аралык класстагы гольф-клуб ачылды. Алгач президенттер ойноду
30-июлда Ысык-Көл облусунун Кош-Кол айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылышы болду. Ачылыш аземине Кыргызстан, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров спорттун улуттун ден соолугу жана мамлекеттин маданий өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өлкөдө спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана бардык жарандар үчүн спорт менен алектенүү шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда экенин айтты.