Касым-Жомарт Токаев Чолпон-Атага барат

Иллюстративдик сүрөт
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кыргызстандык кесиптеши Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Чолпон-Атага барат. Визит 31-июлдан 1-августка пландалган, анда Токаев Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын бейформал Консультативдик жыйынына катышат.

Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери катышат деп күтүлүүдө. Мамлекет башчылары соода, энергетика жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташтыкты бекемдөө боюнча маанилүү маселелерди талкуулашат. Ошондой эле транспорт коридорлорун кеңейтүү жана региондогу маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери да талкууланат.