31-июлда Ысык-Көл облусунда жайгашкан Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен расмий жолугушуусу өттү. Ильхам Алиев өлкөгө мамлекеттик визит менен келген. Бул окуя эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөө үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Церемония "Рух Ордо" маданий борборунда өттү. Саламдашуу учурунда президенттер почеттуу караул ротасынын командиринин отчету менен таанышышты, андан кийин эки республиканын гимндери угулду.