Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-июлда Ысык-Көл облусунда жайгашкан Чолпон-Ата шаарында Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен болгон жолугушуулар боюнча пресс-конференция өткөрдү. Өз сөзүндө мамлекет башчысы азербайжан президентине визити үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү кадамы болоорун белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Азербайжан ар дайым бири-бирин колдоп, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча натыйжалуу иш алып барганын баса белгиледи. Ал мамлекеттер ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, ал дагы да өнүгүп, тереңдеши уланарын айтты. Элдер ортосундагы туруктуу байланыштар жана ишеним эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык үчүн бекем негиз түзөт.