Бишкек шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын президентинин "Бишкек шаарындагы жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар" деген жарлык долбоору коомдук талкууга коюлганын билдирип, жеке унааларды колдонууга чектөөлөр же тыюулар жок экенин маалымдады.
Жарлык долбооруна кошумча түшүндүрмө катта шаардагы транспорт системасынын иши менен байланышкан учурдагы көйгөйлөр, чакырыктар жана мүмкүн болгон тобокелдиктер сүрөттөлгөн. Бул маселелер аналитикалык жана маалыматтык көз карашта каралып, долбоордун өзүнүн нормаларына кирбейт.