Иссык-Куль облусунда эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн Ички иштер министрлигинин кавалерия взводунун кызматкерлери тартылган. Ведомство билдиргендей, атчан милиция мамлекет башчыларынын, делегация мүчөлөрүнүн жана башка урматтуу коноктордун визити менен байланышкан расмий иш-чараларды өткөрүүнү камсыздайт.

Мындан тышкары, кавалеристтер коомдук тартипти коргоо жана иш-чаралар өтүүчү жайларда коопсуздукту контролдоо иштерине катышууда. «Атчан милиция автотранспорт үчүн жеткиликтүү эмес жерлерде милдеттерин натыйжалуу аткарат, кырдаалдын өзгөрүүлөрүнө тез жооп берет жана жарандарга зарыл жардам көрсөтөт», — деп белгилешти Ички иштер министрлигинде.