
Ээсинен 46 миң сом өндүрүлгөн
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү экологиялык мыйзамдардын бузулушун аныктады. Текшерүүнүн негизинде 2026-жылдын 29-июлунда социалдык тармактарда жарыяланган видеоматериалдар болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Гульча шаарындагы «Гульчинское коммунальное хозяйство» муниципалдык ишканасы экологиялык мыйзамдардын нормаларын олуттуу бузгандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ишканага 46 000 сом өлчөмүндө административдик жаза салынды.
Министрлик экологиялык нормаларды катуу сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, айлана-чөйрөгө зыян келтирген мыйзам бузууларга каршы зарыл чараларды көрүүнү уланта берерин билдирет.
Сүрөт www