Өзбекстан менен Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүндө туристтер үчүн бирдиктүү виза киргизүү боюнча Кыргызстандын демилгесин колдоду. Бул сунушту президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда көтөрдү.