Кыргызстанда жалпы билим берүү мекемелеринде психологдун жаңы кызмат орду киргизилет. Бул чечим Министрлер Кабинетинин кабыл алган, окуучулардын психикалык ден соолугун сактоо жана бекемдөө үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Психологдордун ставкалары мектептердеги окуучулардын санына жараша болот. Ошентип, окуучулары 275ке чейин болгон билим берүү мекемелеринде 0,25 ставка каралат, 276дан 550гө чейин окуучулары бар мектептер үчүн — 0,5 ставка, ал эми 551 жана андан көп окуучулары бар мекемелерде — бир толук ставка.