
Кыргызстандын аэропорттору акционердик коомунун маалыматы боюнча, учуп-отуруу тилкесин узартуу долбоору аяктоого жакын — анын даярдыгы 95 пайызды түзөт. Негизги курулуш иштеринин көпчүлүгү аяктаган: жаңы участогунда заманбап жарык-сигналдык жабдуулар орнотулуп, учурда техникалык ишке киргизүү жана бар болгон система менен интеграциядан өтүүдө.